Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:23

АЙТ НАМАЗ БИШКЕКТИН “АЛАТОО” АЯНТЫНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ ОКУЛДУ


3-ноябрь күнү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында орозо-айт намазына жыгылуу расмиси өткөрүлдү. Элдик ыңкылаптан кийинки бул айт намазы эки ири өзгөчөлүккө ээ: биринчиси, мурунку жылдары намаз эски аянтта окулуп келсе, бул мертебе биринчи жолу “Алатоо” аянтында окулду, экинчиси, айт намаз расмиси улуттук телеканал аркылуу бир саат бою жалпы Кыргызстанга түз алып көрсөтүлдү.

Кыргызстандын жалпы калкынын 80 пайызы мусулмандар. Бул жолку айт намазына эл адаттан тыш арбын чогулду. Куттуктоо сөздөрү да бийик даражалуу адамдарга берилди. Бишкек шаар мэри Арстанбек Ногоев:

- Урматтуу мусулмандар! Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары! Сиздерди ыйык орозо айт күнү – тазалыктын, мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Ата-бабалардан ыйык мурас катары калган орозо айт адам баласынын дилин тазалап, жамандыктан арылтып, ыймандуулукка, ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө тарбиялаганы менен - өзгөчө баалуу!

Кыргыз Республикасынын Президенттик администрация жетекчиси Үсөн Сыдыков:

- Кыргыз мамлекетинин калкы, анын ичинде мусулмандар башкалардай бакубат жашаганга акылуу. Аны жасай турган биз өзүбүзбүз! Ийгилик болсун баарыңыздарда!

Түркия элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемседдин Үналгы:
- Урматтуу мусулмандар! Бул ыйык орозону жер жүзүндөгү 1,5 миллиарддай адам майрамдоодо. Бул күнү капалануу, ачкөздүк, жинденүү сыяктуу сезимдер сүйүү, урматтоо, бейпилдик сыяктуу жаркын сезимдер менен алмашылсын!

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарын орозо-айт майрамы менен Америка, Иран, Пакистан элчиликтеринин өкүлдөрү да куттукташты. Андан соң айт намазы окулду.

Намаздан кийин биз муфтий Мураталы ажы Жумановду сөзгө тарттык. Саат жылдыруу быйыл орозо айына туш келген менен, Кыргызстанда саат жылдырылбай калтырылып – орозо машакатсыз өттү. Эгер жылдырылса ооз бекитүү, ооз ачуу маселелеринде чаташуулар чыкмак, деген никирлер айтылып келет. Бул жагдайга карата Муфтий Мураталы ажы Жумановдун өзгөчө пикир-сунушу бар экен:

- Мен дагы сааттын ушинтип жылдырылбай калтырылышын каалаймын. Бирок бул жерде бир маселе бар. Өзбекстан менен чектешкен түштүк жергелерине барсаңыз – мечиттердин баарында беш убак намаздын саат-убактысын көрсөтүп илип коюшкан. Маселен, бешим намаз аларда саат 12.30 да. Бизде болсо 13.30 да. Алар Өзбекстандын обсерваториясына негизделген календар боюнча жазып алышкан. Чындыгында Кыргызстандын сааты жылган боюнча токтотулуп калды. Мүмкүнчүлүк болсо бул саатты дагы бир жолу жылдырып, ошо боюнча токтотуп койсо туура болмок. Жанагындай чаташуу, айырма болмок эмес.

Ал эми быйылкы рамазан айында Кыргызстанда өлүм-житимдер көп болгондугун, саясий чыңалуу күчөгөндүгүн да сөзгө кыстарып,
муфтий Мураталы-ажы Жумановдон мындайча жооп уктук:

- Трагедиялуу окуялардан кийин эл-журтубуз эми эмне болуп кетээр экен деп коркуп атты эле, пикет-митингдер түшүнүүчүлүккө келүү менен аяктады. Дал ушул нерсе ыйык рамазан айынын таасири менен болду деп ойлойм.

Айт-намазга келген Шадыбек аттуу жигит болсо мындай каалоосун билдирди:

- “Алатоо” аянты – ыйык жер, Кыргызстандын күзгүсү. Бул жерде элибиз пикет-митинг менен эмес, айт намаз сыяктуу жакшылык иштер менен чогулуп жүрсүн!
XS
SM
MD
LG