Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Орусия кыргызстандыктарды ишке чакырды


БИШКЕК. Орусиянын Пенза облусу айыл жана мал чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, курулуш жаатында кесипкөй адистерге муктаж. Бул тууралуу 2-ноябрда Бишкекте мигарция боюнча мамлекеттик департаментинин башчысы Айгүл Рыскулова менен Пенза облусунун губернаторунун орун басары Роман Чернов менен болгон жолугушууда сөз болду. Чернов Кыргызстанга эки тараптуу кызматташтык маселелерин тиешелүү тараптар менен талкуулоо максатында келген. Сүйлөшүүлөрдө белгиленгенге караганда, кыргызстандыктар Пенза облусуна үч жылдык макулдашуунун чегинде үй бүлөсү менен барып иштей алышат. «Кабар» агенттигинин жазганынан караганда, Пензада мугалим 130 доллар, дарыгер 250 доллар маяна табат. Белгилеп койчу жагы, тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Орусиянын тышкы саясат мекемелери эки өлкөнүн жарандарына өз ара визасыз каттоону мыйзамдаштырып берген.

XS
SM
MD
LG