БИШКЕК. 6-ноябрда Бишкекте Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыгына кирген мамлекеттердин министрлеринин төртүнчү конференциясы өтөт. Аймактык кызматташтыктын келечегин талкуулоо максатын көздөп жаткан бул конференцияга Ооганстан, Азербайжан, Кытай. Казакстан, Монголия, Орусия, Тажикстан мамлекеттеринин министрлери катышмакчы. Бул тууралуу Азия Өнүгүү Банкынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Конференцияга ошондой эле Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жана Азия өнүгүү Банкынын төрагасы Харухико Курода катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.