БИШКЕК. 3-ноябрда Бишкек шаардык башкы ички иштер башкармалыгынын 300дөн ашуун милиция кызматкерлери жана бардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери “Алатоо” аянтындагы орозо айт намазына келген адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында иш алып барышты. Тартип коргоо кызматкерлери орозо айт намазына келаткандардын колдорундагы шектүү баштыктарды, буюмдарды текшеришти. Айт намазы убагында тартип бузуулар болгон жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык башкы ички иштер башкармалыгынын нөөмөт кызматынан билдиришти.