Чечен жикчилдеринин лидери Абдулмалик Садуллаев мурунку лидер Аслан Масхадовду орус тарап алдоо жолу менен өлтүрдү, деп билдирди. Масхадов 8-мартта Толстойюрт деген жерде орус аскерлери кол салганда набыт болгон. Бирок анын кандай шартта каза болгондугу тууралуу так маалымат болгон эмес эле. Чеченстандын эгемендүүлүгүн жактаган интернет маалымат булактарына жарыяланган Садуллаевдин маалыматы боюнча, Аслан Масхадов Толстойюртка орус тарап менен сүйлөшүүгө бараткан. Эми Москва биз тараптан сүйлөшүү тууралуу сунушту күтпөй эле койсун, деп белгилеген Садуллаев.
Дүйнөдөгү соңку кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады
Дүйнөдөгү соңку кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады