Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

АКШ Борбор Азияда террор, баңги зат соодасы жана коррупцияга байланыштуу турат


АКШнын Персия булуңундагы аскерлеринин башчысы Жон Абизейид 3-ноябрда Астанада болуп, Казакстандын коргоо министри Мухтар Алтынбаев менен жолугушту. Абизейид Астанадагы сөзүндө АКШ Борбор Азия регионунда аскерий артыкчылыкка жетишүүнү көздөбөйт деп билдирди:

- АКШнын бул региондогу аскерлеринин турушу менен артыкчылыкка жетишүү, же 18 кылымдагыдай күч саясатын жүргүзүүнү көздөбөйт. Биз бул жерде террор, баңгизат соодалоо жана коррупцияга байланыштуу турабыз. Анткени бул проблемалар бир эле мамлекеттики эмес, алар эл аралык маселе.

Борбор Азия регионуна жасаган сапарынын алкагында Жон Абизейид кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен да жолугушкан.

XS
SM
MD
LG