Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

ЧЫГААН БОКСЧУ КЕҢЕШБЕК ДҮЙШЕЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИ БАШТАЛДЫ


3-ноябрда Бишкектеги Дене тарбия академиясынын бокс залында СССРдин чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү, эл аралык спорт чебери Кеңешбек Дүйшеевдин жаркын элесине арналган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир башталды.

Орозо айт күнү башталган бокс мелдешине Казакстандан беш команда жана Кыргызстандын Нарын, Ысыккөл, Чүй облустарынын, Бишкек шаарынын командалары катышууда. Мында 12 жаштан баштап 15 жашка чейинки 236 өспүрүм күч сынашып жатышат. Алгач эл аралык спорт чебери Кеңешбек Дүйшеев жөнүндө учкай айта кетели. Ал Нарын облусунун Кочкор айылында 1963-жылы туулуп, 11 жашынан бери бокс менен машыгып, Кыргызстандын намысын коргогон. Өлкөнүн чемпиондугун 7 жолу жеңип алган. СССРдин чемпионатында эки ирет коло медалга арзыган.

Кеңешбек менен бирге машыккан досу, өлкөнүн панкратион федерациясынын президенти, спорт чебери, белгилүү каскадер Эдил Молдалиев курбусун эскерип, мындай мелдештер жаштарга жол ачаарын белгиледи:

- Ушундай мелдештерде жаштардын чеберчилиги өсөт. Биз дагы ушундай балдар таймаштарында сыналып, чоң спортко келгенбиз. Кеңешбек абдан эмгекчил, чыйрак жигит болчу. СССРдин тандалма командасына мүчө болуу чоң сыймык жана жоопкерчилик эле. Кеңешбекти «спорт мафиясы», калыстар алтын медалга жеткирбей, 2 жолу коло медаль менен чектеп койгон. Орустарды ар дайым биринчи орунга жеткирүү саясаты өкүм сүрүп турган эле да. Ал бокстан дүйнө кубогунда дагы командалык эсепте жеңүүчү аталган. Кеңешбектин спорттогу жетишкендиктери жаштарга үлгү.

Кеңешбек Дүйшеевдин жаркын элесине арналган өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш курч мүнөздө өтүп жатат. Бул таймаш быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Анда Казакстандын Тараз, Акбулуң, Курдай, Чү жана Түркстан шаарларынын жаш боксчуларын кыргызстандык атаандаштары каршы алууда. Мелдеште сынга толгон өспүрүмдөр өлкөнүн биринчилигине катышып, анда иргелгендер эл аралык турнирлерге баруу укугуна ээ болушат.

Бокстан жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомунов тарбияланып чыккан Ысыккөл облусунун үч командасын баштап келгенин, каражат маселеси чечилбей, көп өспүрүм келбей калганын өлкөгө эмгек синирген машыктыруучу Тилекмат Энкеев айтып берди. Мындай бокс мелдешине алгач ирет катышып жатышкан, Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Константин Дзю жана бир тууган Кличколордой бокс чеберлери болууну самаган Нарын жана Токмок шаарынын өспүрүмдөрү, жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга болоорун белгилешти.

Кеңешбек Дүйшеевди учурунда калыстар басынтып, баалабай, СССР спорт жетекчилери эл аралык мелдештерге жибербей койгонун өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Алымгазы Адыкулов айтып, мындай деди:

- Мелдешти орозо айт күнү баштап жатканыбыздын өзү эле жакшы жөрөлгө. Жаштар көчө таптап, кылмыштуу жолго түшпөй спорт менен достошкону, мындай мелдештерге катышканы дагы жакшы саамалык. Кеңешбек агайыңардай намыстуу, даңк көтөрө билген, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жигиттерден болгула деп, ырым кылып жатабыз. Чынында Кеңешбек өлкөнүн бокс тармагына чоң из калтырган инсан эле.

3-ноябрдагы мелдешке 100 өспүрүм иргеп алуу сыноолорунан өтүштү. Эртең 4-ноябрда 140 жаш боксчу рингде күч сынашат. Мелдештин жеңүүчүлөрү 6-ноябрда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG