Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:29

Экс-президент Москва университетинде сабак берүүдө

БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаев учурда Москва университетинде сабак берип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов 3-ноябрда Москвада өткөн маалымат жыйынында билдирген. Бул маалыматты Акаевдин адвокаты Максим Максимович 4-ноябрда тастыктады:

- Так маалымат. Элчи айтып жаткандан кийин бул маалыматты мен төгүнгө чыгара албайм.

Максим Максимовичдин айтымында, экс-президенттин жубайы Майрам Акаеванын ден соолугу начарлаптыр деген маалымат жалган. Мекенинде Акаевдин үй-бүлөсүнүн коопсуздугу камсыз болбогондуктан, азырынча алар Кыргызстанга кайтып келбейт, деди Максимович.
XS
SM
MD
LG