Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Кыргызстанда куш тумоосун алдын алууга Дүйнөлүк банк жардам береби?


БИШКЕК. 4-ноябрда мамлекет башчыКурманбек Бакиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борборазия аймагы боюнча вице-президенти Шигео Катсу менен жолугушту. Президент Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө, кедейчиликти жойууда Дүйнөлүк банктын көрсөткөн жардамын, негизги ири донор экендигин баса белгиледи.

Ушул эле күнү премьер министр Феликс Кулов да Катсу менен жолугушуп, Орусия менен Казакстандагы куш тумоосунун тез тарашы кооптондуруп жатканын, Кыргызстан ал өлкөлөрдөй болуп фермерлерге, дыйкандарга компенсация төлөп бере албастыгн билдирди. Анын айтымында, куш тумоосун алдын алууга, ага каршы күрөшүүгө каражат быйылкы, келерки жыл үчүн да мамлекеттин бюджетинде каралган эмес. Кулов куш тумоосу өлкө аймагына тараса мамлекет оор абалда калаарына токтолду. Жогорудагы проблеманын алдын алуу багытында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга грант берүү маселесин караса деген сунушун киргизди премьер-министр. Ал ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын структурасын өнүктүрүү боюнча долбоорго Дүйнөлүк банктын колдоосуна өкмөт муктаж экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG