Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Депутат Акматбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйыны өттү


БИШКЕК. 4-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Ага комиссиянын курамына кирген Жогорку Кеңештин жети депутаты, премьер-министр Феликс Кулов, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев жана башка күч структураларынын өкүлдөрү катышты. Жыйында депутаттар тарабынан Тынычбек Акматбаевдин, анын жардамчысынын, парламенттин экспертинин жана жазаны аткаруу боюнча башкармалыгынын начальниги жаза өтөө жайларында орун алган тартипсиздикке жана башаламандыкка байланыштуу болду деген пикирлер айтылды. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев пенитенциардык системада жаңы жетекчилик келгенден кийин абал оорлой баштады деген пикирин айтты. Ал эми депутаттар болсо, бул системада көп жылдардан бери кемчиликтер орун алып жаткандыгын белгилешти. Бул тууралуу парламенттик комиссиядан билдиришти.

XS
SM
MD
LG