Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Азербайжанда президент Алиев мамлекеттик кызматкерлерди оппозиция менен жең ичинен мамиле түзүүдөн сак болууга чакырды


Алиев мындан эки апта мурда төңкөрүш уюштуруу аракетинин бети ачылды, ага бир катар мурдагы министрлер аралашкан деп ырастап, мындай аракеттер өлкөнү баш-аламандыкка түртөт, деп эскертти.

Жекшембиде өтө турган шайлоонун алдындагы өнөктүк бүгүн аякташы керек. Бакы калаасынан түндүктөгү Сумгаити шаарында кечээ оппозициядагы «Азадлык» биримдигинин митингине 2 миң чакты киши катышты. Оппозиция лидерлери 125 орундуу Милли Межлиске шайлоо одоно бурмаланса, тынчтык мүнөздөгү көчө демонстрацияларын баштаарын эскертишкен.

Бүгүн Алиев Украинанын президенти Виктор Ющенко менен азери оппозициясынын лидери Расул Кулиевдин тагдырын талкуулады. Украина Кулиевди камакка алып, кайра бошоткон эле, бирок Азербайжандын аны чыгарып берүү талабын канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG