Кытай 2 миллион 300 миң аскерин куштардын ылаңына каршы күрөшкө жардамга айдады. Аскерий гезиттин маалымдашынча, аскерлер жергиликтүү бийликтерге дезинфекциялоочу заттарды жана даары-дармектин корун даярдоого, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба мекемелерине илдетти жайылтпоого көмөктөшөт. Мындай чара канаттуулар ылаңынын төртүнчү очогу табылгандан кийин кабыл алынды.