Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

ЧЕЧЕН УКУК КОРГООЧУСУНА ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ЫЙГАРЫЛАТ


6-ноябрда грозныйлык адвокат Лидия Юсуповага адам укуктары тармагындагы жетишкендеиктер үчүн ыйгарылып жүргөн Рафто сыйлыгы тапшырылат. Юсупова Мемориал укук коргоо тобунун Грозныйдагы кеңсесин жетектейт. 5 жылдан бери адвокат Чеченстандын карапайым элине жардам берип келатат. “Азаттыктын” кабарчысы Дэйзи Синдлер менен болгон маегинде Юсупова Кремль тынчтыкка карай кадамды биринчи болуп ташташы керек деп эсептээрин айтты.

Биринчи чечен кампаниясы башталганына 11 жыл болду. “Мемориал” уюмунун эсебинде андан бери 75 миңге жакын киши ажал тапты.

Лидия Юсупова уюмдун Грозныйдагы кеңсесин 2000-жылы жетектей баштаган. Ошол жылдары Орусия уруш формалдуу түрдө аяктады, эми “жаңжалдан кийинки нормалдаштыруу” процесси болуп жатат деп кайталаганы менен, чоң өзгөрүүлөр деле болгон жок, - дейт укук коргоочу:

- Окуялар бир аз башка багытта өнүгө баштаганы менен, адам укуктарын бузуулар, мамлекеттин деңгээлдеги террор кала берүүдө. Сыртынан караганда жумуриятта бийликтин бардык институттары, сот системасы, тартип коргоо органдарынын системасы түзүлгөн. Аны менен бирге өлкөдө стабилдүүлүк жок.

Юсуповага чейин Рафто сыйлыгын бирмалык активист Аунг Сан Су, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади алышкан. 1995-жылы сыйлык орусиялык “Жоокерлердин энелери” комитетине ыйгарылган.

Рафто фондунун төрагасы Арне Лингорх Чечен согушу Ирак менен Ооганстандын көлөкөсүндө калып келатат деп эсептейт. Быйылкы сыйлыктын лауреаттыгына Юсупованы тандоо менен эл аралык коомчулуктун көңүлүн дүйнөдөгү эң эле узарып кеткен, бүлгүндүү жаңжалга бурууну көздөдүк, - дейт Лингорх:

- Лидия абдан эр жүрөк аял деп ойлойбуз. Билимдүү адам катары ал Чеченстандын карапайым тургундарына жардам берүүнү жеке жоопкерчилиги катары кабыл алат. Ал Чеченстанда калып, эч жакка качпоону чечти.

3-ноябрда чечен сепаратисттеринин лидери Абдул-Халим Садуллаев Орусиянын зордукчул саясаты Түндүк Кавказ элдерин тиешелүү жооп кайтарууга түртөт деп билдирди. Садуллаев: “Эми Кремль сепаратисттердин лидерлигинен элдешүү сунуштарын күтпөй эле койсун”, - деп кошумчалады.

Юсупова да Орусия бул жаңжалда үстмөдүк кылган тарап болгондон кийин, тынчтыкка карай кадамды биринчи болуп ташташы керек деген пикирин ортого салат:

- Азыркы кырдаалда Орусия аракет көрүшү керек, Түндүк Кавказдын, бүт өлкөнүн калкынын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Орусия жаңжалды тынчтык сүйлөшүү аркылуу жөнгө салуунун жолун таап, стабилдүүлүккө алып келе турган чараларды көрүшү керек.

Кырдаал жөндөлмөйүнчө, зомбулук көбөйө берет. Анткени террорго террор менен гана жооп берсе болот, - деп сөзүн жыйынтыктайт Юсупова.

XS
SM
MD
LG