Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:40

“ДОРДОЙ-ДИНАМО” ЧЕМПИОНДУГУН САКТАП КАЛДЫ


4-ноябрда футбол боюнча Кыргызстандын 14-чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстандын былтыркы жеңүүчүсү Нарындын “Дордой- Динамо” командасы быйыл да чемпиондугун сактап калды. Финалдык чечүүчү таймаш 1:1 эсебинде аяктап, кошумча убакытта дагы жеңүүчү аныкталбады. Акыры оюндун тагдырын жекеме-жеке топ тебүү чечти. Ошентип Бишкектин «Шоро-СКА» командасы атаандашына алдырып койду.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл 8 команда ойноду. Нарындын «Дордой» командасы 2 жыл үчүнчү орунда калып, былтыр гана өлкөнүн чемпиондук наамына арзыган. 4-ноябрда Кыргызстандын 14-футбол чемпионатынын финалдык таймашында упайлары бирдей “Дордой-Динамо” менен “Шоро-СКА” командалары күч сынашты. Биринчи таймдын 6 мүнөтүндө “Шоро-СКА” командасынын чабуулчусу Марат Жумакеев оюндун эсебин ачып, командасын алга сүрөдү. “Дордойчулардын” бир нече чабуулу жыйынтык бербеди. Биринчи таймдан кийин оюндун деңгээли тууралуу өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов мындай деди:

- Быйылкы чемпионаттын деңгээли төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш-аракеттер аткарылган жок. Анан дагы 24-марттагы ыңкылап да таасирин тийгизди. Эмдиги жылкы чемпионатты түндүк жана түштүк аймактарга бөлүп өткөрөлү дегенибиз, каражат маселесин үнөмдөөгө жана жергиликтүү калк арасында футболдун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болсун деген гана тилек. Биринчи айлампада эки аймактан иргелип тандалган, көп упай топтоого жетишкен төрттөн команда экинчи айлампада Супер Лигада чемпиондук үчүн күч сынашат. Мурда Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп келсе, эми Талас, Ысыккөл, Жалалабат аймактарынан да командалар мөөрөй талашууга катышса деген максат.

Жылдан жылга Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап баратканын, быйылкы чемпион эмдиги жылы Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогуна катышаарын өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев белгиледи.

Быйылкы чемпионат өзүн актабаганын, оюндардын деңгээли начар болгонун өлкөнүн футбол федерациясынын Жогорку Лигадагы мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн адиси Дастан Конокбаев да моюнга алды.

Оюндун экинчи таймында “дордойчулар” үстөкө -босток чабуул коюп, Руслан Сыдыков эсепти теңеп, негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктады. Быйылкы чемпионду аныктоо үчүн 30 мүнөт кошумча убакыт берилип, мында дагы жеңүүчү аныкталбай, эсеп өзгөргөн жок. Акыры эки команданын өкүлдөрү жекеме-жеке топ тебүүгө өтүшүп, мында “Дордой-Динамо” командасы 4 топту удаа киргизип, оюндун тагдырын өз пайдасына чечип коюшту. Ал эми “Шоро-СКА” командасынын чабуулчулары тепкен 2 топту “Дордойдун” дарбазачысы Закир Жалилов тосуп алууга үлгүрдү. Ошентип, 5:3 эсебинде Нарындын “Дордой-Динамо” командасы былтыркы чемпиондугун сактап калды. Ошентип, Кыргызстандын 14-футбол чемпионатынын жеңүүчүсү Нарындын “Дордой- Динамо” командасы болуп калды.

Бишкектин «Шоро-СКА» футбол клубунун президенти Табылды Эгембердиев эң негизгиси кыргыз футболуна кызыгуу күч алганын, жаштарга камкордук көрүүнүн зарылдыгын белгиледи. “Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков эки команда тең жакшы оюн көрсөткөнүн, беттешүү калыс өткөнүн айтты.

Үчүнчү орунду Кыргызстандын экс-чемпиону Карасуунун “Жаштык-Акалтын” командасы ээледи. Футбол боюнча Кыргызстандын 14-чемпионатынын беттешүүлөрүндө аталган команданын оюнчусу Евгений Болдыгин атаандаштарынын дарбазасына 21 топ киргизип, алдыда баратат. Чемпиондукту аныктоочу чечүүчү оюндун “мыкты футболчусу” деген сыйлыкка “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчусу Талант Самсалиев арзыды.

Футбол боюнча жаштар арасында Азия чемпионатынын иргеп алуу мелдештери 23-ноябрдан 27-ноябрга чейин Бишкекте өткөрүлүп, Кыргызстанга Непалдын жана Бутандын жаштар командалары келишмекчи. Мында дагы биринчи орунга ээ болгон команда эмдиги жылы Азия чемпионатынын финалына катышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG