БИШКЕК. Мындай келишимге учурда Бишкекте иш сапары менен жүргөн аталган банктын башчысы Харукико Курода менен президент Курманбек Бакиев кол коюшту. Бул каражат Кыргызстандын билим берүү тармагын жакшыртууга жумшалмакчы. Банк жетекчисинин маалыматына караганда, 2000-жылдан 2005-жылга чейин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргызстанга 600 миллион доллардан ашуун акча берилген. Анын ичинен 450 миллион долларга Ош-Бишкек автожолу оңдолууда.