Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Рита Нурмамбет кызы, Чолпоната 5-ноябрда Чолпоната шаарынын негизделгенине 30 жыл толгондугуна байланыштуу майрамдык иш чара өткөрүлдү. Бирок жергиликтүү тургундардын ырасташынча, шаарда өсүшкө караганда, өксүк көбүрөөк.

Чолпоната шаары 1975-жылга чейин шаар тибиндеги айыл катары түптөлүп, андан бери карай атайын шаар макамын алып келатат. Учурда шаарда 16 улуттун өкүлдөрү болгон 17 миңге жакын калк жашайт. Адистердин айтуусунда, 2000-жылдан бери башка жактан көчүп келгендер кескин өскөн.

Майрамдык салтанатта шаарда өндүрүш, айыл чарба жана башка тармактар жакшы өнүккөнү белгиленип, азыркы жетекчилерге туризм менен катар аларга да көңүл бөлгүлө деген кеңештер айтылды. Ысыккөл облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Калыбек Алышбаев мурда иштеп кеткен 14 шаар башчысына жана азыркы район мекеме башчыларына Чолпоната шаарынын 30 жылдык юбилейлик төш белгисин ыйгарды. Калкынын саны өсүп жатканына сыймыктанган Ысыккөл районунун башчысы Турусбек Мансуров буларга токтолду:

- Шаарыбыз жыл сайын жакшырып баратат. Башка жактарга көчүп кеткен, эли жок шаарларга караганда биздин шаарыбыздын калкы жыл сайын көбөйүүдө.

Бирок башка жактан көчүп келгендердин кесепетинен жер жетпей жаткандыгын ырастаган тургундар да четтен чыкты:

- Көлдө жашагандарга жер берилбейт. Жер көйгөйү менен биз марттан бери жүрөбүз. Жаштарга берилет деген, берилген жок. Аны кыскартып-кыскартып азыр мына 700 кишиге жер жетет, сегизинде берилет деп токтотуп койду, сегизинде эмне болуп кетерин Кудай өзү билет, – деди сегиз айдан бери жер алалбай жүргөн Сабирниса Мансурова.

Жергиликтүү бийлик жер алууга кезеке турган 1400 адамдын жети жүзүнө эле участок берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышып, аны шаардын 30 жылдыгында убада кылышкан экен. Ал эми майрам өтүп аткан аянт өз убагында тазаланбаганына нааразы болгон Шайыргүл Койгелдиева буларды айтты:

- Жаркырап майрам башталып атса, азыр шыпырып, элдин кыжырын келтирип турат. Бул дагы мэрдин катачылыгы.

Ошентип Чолпоната шаарынын борбордук аянтында шаардын 30 жылдык шаан-шөкөтү өтүп атса, экинчи тарабында көйгөйлөрүн айткан тургундар арбын болду. 70 жаштагы Качкын Керимбаев мындан 36 жыл мурда салынган көп кабаттуу үйлөрдө бүгүнкү күнгө чейин таза суу жок экенин белгиледи:

- ПМКда таза суу жок. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдардын баары аралдын, сайдын суусу менен оокат кылабыз.

Ошондой эле Чолпонатада светофордун жоктугу, базардын туура эмес жерге жайгашкандыгы туурасында дагы мындай пикирлер болду:

- Биздин “Нур” базарыбыз туура эмес жерде турат, жанында орустардын мүрзөсү бар. Ошол жактан уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Ошонун кесепетинен базарда иштегендердин көбү оорукчан болуп калды. Алынсын деп көп айтылган. Ошондой эле светофордун жогунан да жол кырсыгы көп болууда.

Курорттук аймактагы суу тазалоо системалары иштебегендиктен ыплас суулар айдоо аянттарына сиңип, анын саркындысы жер аркылуу көл суусуна кошулуп атканын айтып кейиген Биостанция деректири Азат Коңурбаев кайрылбаган жерим калган жок дейт, микрофонго сүйлөгүсү келбей. Бул көйгөйдү райондук санитардык башкы врач Малик Мамбетов 36 миң куб сууга ылайыкталган канализация толуп кеткендиги жана ага керектелчү 14 миң сом каражаттын жоктугу менен түшүндүрдү.
Куржундар
XS
SM
MD
LG