Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

ОРУС ГЕЗИТТЕРИ: КЫРГЫЗСТАНДА «ПАХАНДАРДЫН ЫҢКЫЛАБЫ» БАШТАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү коомдук-саясий кырдаал орусиялык басылмаларда жалпы эле «түстүү ыңкылаптар» баштан кечирип жаткан кыйынчылыктар жөнүндө түрдүү макалалардын пайда болушуна түрткү болду.

Соңку күндөрү Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү окуялар дээрлик бардык эле орусиялык маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылып турду. Басма сөз каражаттарынын ичинде «Коммерсант», «Ведомости», «Новые известия», «Независимая газета», «Российская газета» жана башка бир катар басылмалар бул маселеге улам кайрылып жатышкандыгы байкалды.

Аталган гезиттердеги макалалардын көпчүлүгү жалаң Кыргызстандан түшкөн кабар менен эле чектелбейт. Айрымдары, мисалы, «Ведомости» түрмөлөрдөгү козголоң жараткан кырдаалга карата жергиликтүү, орусиялык эксперттердин ойлорун беришсе, дагы бирөөлөрү түзүлгөн жагдайга карата өздөрүнүн баасын да бергенге аракет кылышты.

«Коммерсант» басылмасы 2-ноябрда чыккан санында дегеле «түстүү ыңкылаптарды» баштан кечирген постсоветтик мамлекеттер ушу тапта шылдыңдай тургандай эле абалда калышканын жазды.

Баяндамачы Сергей Строкандын ишениминде, «Грузиядагы, Украинадагы жана Кыргызстандагы соңку окуяларды не трагедия, не комедия деп да атоону билбейсиң. Грузин президенти түнкүсүн жумурияттын күч структураларынын жетекчилеринин уйкусун бузуп, аларды бир канча чакырымга чуркоого чакырса, өзүнүн генпрокурорунан айрылган украиналык президент бул жоготууну эки эселентип алууну каалап, эми бир эмес, эки генпрокурорду дайындоого аттанды», деп жазды «Коммерсант».

«Ал эми Кыргызстанда болсо жаздагы «мандалак ыңкылабы» күздөгү «пахандардын ыңкылабына» айланып баратат» дейт орусиялык журналист. Болгондо да бул жолу «Кел-Кел» кыймылынын демократия идеяларына шыктанган студент мүчөсү эмес, Петровкадагы каардуу зек ыңкылаптын негизги тиреги болмокчу», деп жазат баяндамачы.

«Ошондон уламбы, азыр революцияны баштан кечире элек башка постсоветтик мамлекеттердеги жетекчилик «мынакей, көрдүңөрбү, ыңкылаптын арты эмне менен бүтөт?» деп, сүйүнүп турган чагы» деп сөзүн улайт Сергей Строкань.

Бирок журналист андан ары белгилегендей, ыңкылапты баштан өткөргөн мамлекеттердеги азыркы кыйынчылыктарга чын эле жаңы бийликке келген лидерлер жооптуу деп айтуу туура эмес болмок.

«Мисалы, Кыргызстандагы окуяны алып карасак, ошол эле түрмөдө олтургандар кечээ, же бүгүн абакка алынышкан жок да. Демек, алар мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда эле камакка алынышкан жана көп убакыттан берки кыйынчылыктарга жиндери кайнап, бирок ага карата мамилесин кантип айтууну билбей келишкен. Анан ыңкылап аларга бул мүмкүнчүлүктү берди», деп тыянак чыгарат «Коммерсант».
XS
SM
MD
LG