Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН МИНИСТРЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ


Бүгүн Бишкекте Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыктын мүчө өлкөлөрүнүн министрлеринин 4-жыйыны өттү. Дүйнөлүк суу жолдон ыраак калган Борбор Азия өлкөлөрүн Араб деңизине алып чыгуу, ал аркылуу Чыгыш менен Батыштын соода-экономикалык алака-катышын жакшыртуу максатын көздөгөн Азия өнүгүү банкынын демилгеси менен ишке ашырылып жаткан программа чоң иштин башталышы гана.

Министрлер чогулушун утурлап Борбор жана Түштүк Азиянын ишкерлеринин эки күндүк жыйыны Бишкекте өткөн. Анда айтылган пикир-сунуштар ишембиде атайын эксперттердин элегинен өтүп, жекшембиде Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыкка мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жыйынына талкууга коюлду.

Азия өнүгүү банкынын Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтык программасына Кытай, Монголия, Азербайжан, постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнүн Түркмөнстандан башкасы кошулуп, быйыл күзүндө Орусия менен Ооганстан мүчө катары жыйынга катышкан. Каадалуу иш-чарага Азия өнүгүү банкынын президенти Харухико Курода өзү келип катышты. Ишембиде ал президент К. Бакиев менен жолугушуп, Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган 15,5 миллион доллар грант бөлүү тууралуу келишимге кол койду. 90 мектепти курууга, бир тобун жаңылоого жумшалчу бул акчанын пайдаланылышы катуу көзөмөлгө алынарын ырастаган К. Бакиев, Борбор Азия кызматташтык программасы Кыргызстандын өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзөрүн белгиледи:

- Сиздин Борбор Азия кызматташтыгына арналган конференцияга катышууңуз иш-чарага чоң маани-мазмун, жакшы натыйжа берет деп ойлойм.

Кыргызстандын премьер-министри Ф. Кулов министрлер жыйынында чөлкөм кызматташтыгынан ага катышкан өлкөлөрдүн бардыгы пайда табарын белгилеп, Кыргызстан үчүн энергетикалык интеграция өзгөчө маанилүү экенин билдирди:

- Билесиздер, Кыргызстан энергетикалык кубаттуу өлкөлөрдүн катарына кирет, өзгөчө суу энергетикасы боюнча. Адистердин айтымында, өлкөнүн суу энергетика потенциалы 142 миллиард киловат саатты түзөт, бирок анын 10 пайызга жетпегени гана пайдаланылат. Кыргыз өкмөтү мындай кубаттуулукту пайдаланууга, коңшулар менен кызматташууга кызыкдар. Жаңы рынокту табуу үчүн аракет жасап келатат. Камбарата ГЭСтерин куруу кызыккан тараптардын баарын арзан электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзөр эле.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдындагы орчун проблема - транспорт, жүктөрдү ташып өтүү, жакын деңиз жолуна чыгуу маселеси болуп келатат. Жаңыдан көтөрүлүп аткан ачык жол долбоору ишке ашып калса Чыгыштан келген жүктөрдүн кыйласы темир жол аркылуу Ооганстанды басып өтүп Пакистан менен Ирандын деңиз портторуна жеткирилмекчи.

- Тилекке каршы, Кыргызстанга темир жол жетпей калды. Биз бу темир жол Кытай, Өзбекстан, Ооганстан аркылуу улантылышын каалайбыз. Бүгүн биз Өзбекстан, Кыргызстан, башка өлкөлөр эч кандай тоскоолдук көрсөтпөстөн соода кыла бериши тууралуу келишимге кол коебуз, - деп маалымдады каржы министри Акылбек Жапаров.

Индия, Кытай, Орусия сындуу ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн электр энергиясына муктаждыгы өсө бере тургандыгын, Ооганстан аркылуу жакын деңиз жолуна чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылганын Азия өнүгүү банкынын президенти Х. Курода да ырастады:

- Чөлкөм өзүнүн стратегиялык жайгашуусунун ыраатын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, аны пайдаланышы абзел.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жетекчиси Крис Лавлейс чоң иштин башталышына Кытай өзгөчө кызыкдар деген пикирде. Эл аралык валюта корунун Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жон Уикмен-Лин жаңы долбоор чөлкөмдө бизнестин дагы мыкты өнүгүшүнө шарт түзөрүн белгиледи.

Бишкекте өткөн ишкерлер, министрлер жыйыны глобал экономиканын кызыкчылыгы Борбор Азияны кыйладан бери байырлап калганын айгинелеген окуя болду окшойт.

XS
SM
MD
LG