Улуттук жыйындагы 125 орун үчүн 1,5 миңдей талапкер ат салышты. Президент Илхам Алиев бүгүнкү добуш берүү демократиянын талаптарына жараша өтүп, элдин эркин чагылдыра турганына ишеничин билдирди. Бирок оппозициядагы “Азадлык” бирикмесинин башчысы Панах Хусейиндин айтышынча, 6 миңден ашуун мыйзам бузуулар катталды. Биринчи жолу өлкөдө шайлоочулардын бармагы сыя менен белгиленди. Добуш берүүнүн жүрүшүнө 1600 чамалуу чет элдик жана 17 миңдей жергиликтүү байкоочулар көз салып турушту. Украиналык 16 байкоочу бүгүн Баку аэропортунан артка кайтарылганын Киевдеги Маалымадоо институтунун өкүлү Сергий Таран маалымдады.