БИШКЕК. Ишембиде “Кыргыз кылымы” саясий партиясы Кыргызстандын аймагында пикет, митинг, ар кандай саясий акцияларды бир жылга өткөрбөө тууралуу өкмөттү, парламентти, саясий партияларды меморандумга кол коюга чакырган кайрылуу жолдошту. Анда, пикет-митингдер коомчулукту алагды кылып, аны уюштурган коомдук уюмдар өздөрүнүн талаптарын коюп, жоопкерчиликти сезбей атканы, жеке кызыкчылыктарга байланыштуу пикет-митингдердин көбөйүшү өлкөдө туруксуздукту пайда кылып, анархияга алып келүү коркунучу бар экендиги айтылган.