Саясий анализчилер айткан пикирлердин көбү 4 ноябрь күнү орусиялык ашынган улутчул уюмдар өз кубатын көргөзүү болду. Өлкөнүн ордо калаасынын, болгондо да, Кремлдин кызыл сепилинин алдында чогулушту. Ал күнү көчөлөрдө жүрүш жасоо уруксатын «Евразиялык биримдиги» менен Мыйзамсыз келип аткан иммигранттарга каршы кыймылдары алышкан экен. Бирок алардын катарын ашынган улутчул партиялар менен топтор: «Память», Бүткүлорусиялык Орус биримдиги, «Чындык» коому, «Орустук коомдук кыймыл», «Орусиянын улутчул-патриоту» жана башкалар толукташыптыр. Славян майданы аталышта, Кремлдин күнчыгыш тарбында эңкейиш келген аянтта алар чогулуп митинг өткөрдү. Алардын эсебин ар кайсы агенттиктер 2-3 миңге жетти десе, АПН агенттиги милиция өкүлү айтканга шилтеме берип, 10 миңге чукулдап барган дейт. Эмнеси болсо да мынчалык көп сандагы ашынган улутчул партиялар менен топтордун Маскөөдө көчө кыдыруусу эч убакта болгон эмес, дешет байкоочулар.
Кызык жери – Эл ынтымагы жаңы майрам кечинде орусиялык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сыналгылардын бири да бул күнкү Маскөөдө, Санкт-Петербургда «оңчулдар маршын» көрсөтүшпөдү. Мамлекеттик үналгылар да эч маалымат беришпеди. Бул көрүнүш кадимки эле советтик кездеги цензуранын бир түрү экенин көзкарандысыз журналист Ирина Петровская айтат. Ошондуктан ал тургундардын өлкөдө болуп аткан бардык нерседен кулактар болуп труруу укугу кысымга алынды дейт :
- Азыркы тушта биз кандайдыр бир маалыматтан каңтарылып калсак аны атуул катары, керектөөчү катары өз убагында коргой алуу мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Жок.
«Коммерсант» гезитинин анализчиси Михаил Зегер болжолунда, улутчул жаштардын көчөдө жүрүш жасашы жабык бойдон калганы жакшы. Болбогондо алардын атын чыгаргандык болот:
- Азырынча (улутчулдар жүрүшү – ММ) биздин сыналгылар сапатын көзөмөлгө алгандар жоопкерчилиги астында кала бергени жакшы. Ошондо алар буга чейинки ондогон жылдар көңүлдүн сыртында жашыруун калып келаткандай жабылуу бойдон кала берет.
Эл достугу багытында кызмат өтөйт деп, жаңы күндү былтыр Кремль сунуштап, аны Мамдума мыйзам кабыл алуу менен бекиткен. Мурунку жумада ошол күндүн биринчи жолку өткөрүлүшү болду. Саясий анализчилер болсо өлкөдө жаңы майрамды орустун ашынган улутчулдары коомдо улутчул биримдик жаатын түзүү аракетинде пайдаланды дешет. А кай бирлери муну декабрдин башында Маскөөдө өткөнү жаткан шайлоого байланыштырат. Кайсы бири – келечектеги парламентти шайлоого карата көрүлүп аткан машыгуу, деп баалашууда