Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ


Папанын машинасы

Лас-Вегастагы аукциондо Рим католик чиркөөсүнүн мурдагы башчысы, маркум Иоан Павел Экинчинин жападан жалгыз машинасы сатылды. 1975-жылы жасалган көгүлтүр түстөгү “Форд Эскортту” хьюстондук юрист 690 миң долларга сатып алды. Понтификтин машинасы 100 миң километр жүрүптүр, 1996-жылы болсо папа Круз Интернешнл деген аукцион үйүнө кайрылып, аны сатууну өтүнгөн. Андан түшкөн акчаны Папа соопкерчиликке жумшаган. Форддун жаңы ээси машинага арнап, музей ачканы жатат. “Мен үчүн бул тарыхтын бир бөлүгү. Мен бул машинаны эч качан айдабайм, бирок ал аркылуу папанын духун сезе алам”, - дейт Жо О Куин.

Жаныбарлардын укугун коргогон италиялыктар

Ноябрдан баштап Рим шаарынын кеңеши тегерек аквариумдарга тыюу салды. Жаныбарлардын укуктарын коргоочулар балыктар андай акавариумдарда азиз болуп калышат дешет. Көпчүлүк ихтиологтордун пикиринде, тегерек идиште балыктарга кычкылтек жетишпейт.

Дагы бир жаңы жобого ылайык, иттердин ээлери эми милдетүү түрдө күнүгө төрт аяктуу досторун эшке чыгарып турууга тийиш. Былтыр Италия парламенти ит-мышыктарын көчөгө таштап салгандарды ири суммадагы айып пул төлөтүүнү же түрмөгө кесүүнү караган мыйзам кабыл алган. Бирок кээ бир эрежелердин аткарылышын контролдоо, албетте, мүмкүн эмес. Кайсы жаныбар “мени кожоюнум бүгүн 3 маал эшикке чыгарган жок” - деп сотко даттансын!

Фараон Тутанхамондун шарабы

Египеттин фараону Тутанхамон кызыл шарапты жакшы көрчү. Ушундай тыянакка фараондун күмбөзүн иликтеп чыккан окумуштуулар келишти. Байыркы Египетте шарап баалуу ичимдик болуп эсептелчү. Адам өлгөндө анын жанына ал эң жакшы көргөн тамак-аш, тигил дүйнөдө керек болот деп эсептелген буюм-тайымдар коюлчу. Тутанхамон 1352-жылы өлгөн. Анын жанынан табылган кумарада азыркы бөтөлкөлөргө жазылган сыңары шарап жөнүндө маалыматты тапса болот. Бирок шараптын өзү албетте калбай калган.

Илимпоздор буга чейин эле байыркы Египетте кызыл шарапка артыкчылык беришчү деп болжолдошкон. Эми испаниялык окмушутуулар тобу кумаранын ичинен проба алып, анда “мальдивин” деген зат бар экенин аныкташты. Мальдивин болсо шарапка кызыл түс берет.

Кызы үчүн жигит тандаган эне

Азыркы Кытайда убакыттын жетишсиздиги чоң проблема. Айрым учурларда бирөө менен таанышып, үй-бүлө күтүүгө да убакыт жетишпейт. Юй Цзянь деген жигит жаштарга түгөй табууга жардамдашууну чечип, Шанхайдын шаардык паркына 5 миңдей жалгыз бой жигиттер менен кыздарды чакырды. Иш-чарага катышкандарга жашы 20 дан 45ке чейин, билими болсо, жок дегенде, орто болушу керек, - деген шарт коюлган.

Массалык жолугушуу алдында ар бир кишиге бирден роза берилген, кеченин соңунда ошол гүлдү алар жакшы көрүп калган адамына тартуулашты. Кече 4 саатка созулду. Кызыктуу адамдар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары жаштар ар кандай оюн-зоокторго катышышты. Юй Су деген аял болсо 32 жаштагы кызынын ордуна келип, жагып калган жигиттерди сүрөткө тартып жүрдү. Эми алар кызына жагат болду бекен?!

XS
SM
MD
LG