АКШнын президенти Америкада социалдык акыйкаттыкты камсыздоо үчүн "эки бөлөк көз караштын бирин тандаш керек" деди. Буш эч кимди атынан атаган жок, бирок байкоочулар анын Венесуэланын президенти Хуго Чавез менен Кубанын жол башчысы Фидел Кастронун короосуна таш ыргытып жаткандыгын айтышууда. Буш Бразилиянын борбор калаасында билдирүү жасады. Ал ошондой эле Батыш Жарым шарында Аляскадан Аргетинага чейин эркин экономикалык зона түзүү далалатын улантты. Ишемби күнү Аргентинада аяктаган Эки Американын самитинде мындай зона түзүү тууралуу келишим жетишилген жок. Беш өлкө - Бразилия, Аргентина, Уругвай, Парагвай жана Венесуэла учурдагы кырдаал тең салмактуу жана акыйкат келишим түзүүгө шарт түзбөй тургандыгын айтышты.
Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады
Таңкы эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады