Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ БАШКАРУУ ЫҢГАЙЛУУ?


Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Конституциялык кеңешме тарабынан премьер-министрлик кызматты жойуу жөнүндө сунуштар айтылып, парламенттик башкаруу системасына өтүү маселеси козголууда. Ал эми мамлекет башчы Курманбек Бакиев Кыргызстан парламенттик башкарууга азырынча даярдыгы жок экендигин белгилеп, президенттик-парламенттик башкарууну ылайык көрүүдө.

Кыргызстандагы бир катар саясатчылар, Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү парламенттик башкаруу системасына өтүү мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнө шарт түзөөрүн жана саясий-экономикалык кризистен чыгуунун бирден-бир жолу экенин айтышууда. Ошондой эле алар премьер-министрлик кызматты жоюуну сунушташууда. Ал эми мамлекет башчы Курманбек Бакиев азырынча парламенттик башкаруу системасына өтүүнүн кажети жок деген пикирде:

- Ооба, Европада парламенттик өлкөлөр бар. Ал өлкөлөр экономикалык жактан өнүгүп, мыйзамды урматтап сыйлайт. Ал жерде өкмөттү жылына кызматтан кетирүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эмес бир жылда өкмөттү эки жолу алмаштырса да, Еворпада эч кандай кыйынчылык болбойт. Базар экономикасы калыптанып калган, өндүрүшү кандай иштесе, үзгүлтүкө учурабай эле иштей берет. Ал эми биздеги шарт таптакыр башкача. Мен дагы демокаратияны колдойм. Жан дүйнөмдүн тереңинде демократмын. Мыйзамды, тартиптүүлүктү урматтайм. Бирок биз учурдагы Конституцияда жазылган президенттик-парламенттик башкаруу системасы менен эле иштеп, жашап көрөлүк деп эсептейм.

экс-депутат Токтокан Боронбаеванын пикиринде, парламенттик башкаруу системасына өтүүгө учурда Кыргызстандагы саясий партиялардын, парламенттин профессионалдык деңгээли ылайык келбейт:

- Бүгүнкү Жогорку Кеңеште бир мандаттуу округдан келген ар кайсы көз караштагы депутаттар бар. Мындай парламентке президентти дайындоону, шайлоону тапшыруу кыйын. Анткени бир катар депутаттар шайлоочулардын добушун сатып алып келишпедиби. Менимче, азырынча президенттик-парламенттик башкаруу системасы эле ылайыктуу. Парламенттик башкарууга акырындык менен өтүү керек.

Токтокан Боронбаева ошондой эле Кыргызстандагы 60 чукул саясий партиялар биригип, күчтүү эки же үч партия түзмөйүнчө, саясий партиялардын ролу жогорулабай тургандыгын белгиледи.

Белгилүү окумуштуу Кусеин Исаев Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына эки-үч жылдын аралыгында өтүү керек деген көз карашта:

- Биз эртедир-кечтир парламенттик-президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Себеби президенттик башкаруу эмнге алып бараарын өткөн 14 жыл көрсөтпөдүбү. Ошон үчүн биз башкарууну жекелештирбей элдин, мамлекеттин тагдыры жөнүндө кам көрүшүбүз керек. Өлкөбүздө болуп аткан демократияны акыйкаттуулукка, калыстыкка, чынчылдыкка жооп бергендей курушубуз керек. Президенттик башкаруу деп отура бербей, биз системаны өзгөртүшүбүз керек.

Кусеин Исаевдин айтымында, бүгүнкү күнү өткөөл мезгилде президенттик-парлменттик башкаруу ылайыктуу болгону менен келечегинде бул система авторатирдык башкарууга айланып кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG