Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму 8-ноябрда өткөрүлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул күнкү отурумда парламенттин ноябрь айы үчүн күн тартиби такталат. Ноябрь айы ичи Жогорку Кеңеш 2005-жыл үчүн республикалык бюджет долбоорун талкуулап, кабыл алат жана октябрь айында каралбай калган маселерди карашат.

Жогорку Кеңештин соңку жыйыны 25-октябрда өткөрүлүп, өлкөдөгү соңку кырдаал талкууланган. Андан кийинки күнү парламентте кворум болбой, депутаттар округдарында иш алып баруу үчүн 8-ноябрга чейин тарашкан.

 

XS
SM
MD
LG