Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

Франциядагы кыргызстандыктар жабыр тартышууда


БИШКЕК. Соңку бир нече күндөн бери Францияда болуп жаткан нааразылык акцияларынан учурда аталган өлкөдө жашап, иштеп жүрүшкөн кыргызстандык атуулдар да жабыр тартышкан. Мирлан атуу баланын жаңыдан алган Ауди А6 үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы талкаланган. Ошондой эле дагы бир кыргызстандыктын нандын түрлөрүн жасап жаткан ишканасы күйгүзүлгөн. Бул тууралуу 7-ноябрда айрым кырызстандык басылмалар маалымдашты. Францияда соңку бир нече күндөн бери миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы уланууда. Анын катышуучулары тарабынан 1300дөн ашуун жеңил автоунаа жараксыз болгондугу айтылууда.

XS
SM
MD
LG