Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:16

“Ганси” авиабазасынын маселеси тегерек үстөлдө талкууланат


БИШКЕК. 8-ноябрда Бишкекте “Ганси” авиабазасынын азыркысы, келечегине арналган тегерек үстөл талкуусу өтөт. Ага саясий партиялардын, жарандык коомдун, жергиликтүү жамааттардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Бул тегерек үстөлдө «Гансинин» геосаясий жана аскерий-саясий өнүгүүдөгү, экономикалык, экологиялык, социалдык-маданий өңүттөрү талкууга алынат. Тегерек үстөлдү Евразия демилгелер фонду, коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы, жергиликтүү жамааттар конгресси биргелешип уюштуруп жатышат. Антитеррордук күчтөрдүн АКШ баштаган коалициясына таандык «Ганси» авиабазасы 2002-жылы эки тараптуу макулдашуулардын чегинде жайгашкан. Учурда АКШ менен Кыргызстан бул авиабазанын жайгашуусуна байланыштуу жаңы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууда.

XS
SM
MD
LG