Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Марат Бакиев Германия президентине ишеним грамотасын тапшырды


БИШКЕК. Германиянын федералдык президенти Хорст Келлер Кыргызстандын Германиядагы элчиси Марат Бакиевге берилген ишеним грамотаны кабыл алды. Буга байланышкан иш чара 31-октябрда өтүп, анда элчи Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, өкмөттүн жаңы курамы, Конституциялык кеңешме тууралуу айтып берди. Тараптар жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү тилектерин билдиришти. Ушул эле иш чаранын алкагында Кыргызстандын туусун көтөрүү салтанаты өттү. Марат Бакиев Германиянын бир катар расмий өкүлдөрү менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG