Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Перунун мурдагы президенти кармалды


Чилинин маалымат каражаттары бүгүн билдиргенге караганда, Сантьяго шаарында кошуна Перу мамлекетинин качкын президенти Алберто Фухимори кармалды. 67 жаштагы Фухимори 2000-жылдын ноябрында өлкөдөн качкан жана Жапониядан баш калка алган деген кабарлар тараган. Перунун өзүндө болсо ал 1990-жылдан 2000-жылга чейинки мезгилде бийликте туруп, мыйзам бузганы үчүн күнөөлөнүүдө жана ага 21 кылмыш боюнча расми айып тагылган. Чили аны Перуга өткөрүп берээр-бербеси азырынча белгисиз, теги боюнча Фухимори жапон.

XS
SM
MD
LG