Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Сириянын жаңы жетекчилери суракка алынат


Сирия өкмөтү кечээ күнү Бириккен Улуттардан атайын кат алды жана анда - өлкөнүн алты адамын суракка алуу талабы айтылган. Алар - үстүбүздөгү жылдын февралында Бейрут шаарында кошуна Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшү менен байланыштуу суроолорго жооп берүүгө тийиш. Бул маселе боюнча Бириккен Улуттар тарабынан түзүлгөн атайын комиссияны немис прокурору Детлев Мехлис жетектейт. Комиссия мурда тараткан маалыматтарга караганда, Хариринин өлтүрүлүшүнө Сириянын коопсуздук кызматы катышкан.

XS
SM
MD
LG