Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Франциядагы тартип бузуулар 11 күндөн бери уланууда


Франциядагы толкундоолор 11 күндөн бери уланууда, түндө тартип бузуулар Тулуза, Нант, Орлеан, Сент-Этьен жана башка шаарларда болду, көчөлөрдө бардыгы болуп 1400 машине өрттөлдү. Борбор калаа Париж алдындагы Гриньи шаарындагы кагылышуулар учурунда 30 полициячы жараат алды, алардын экөө ооруканага жаткырылды. Президент Жак Ширак кечээ күнү өкмөттүн шашылыш жыйынын өткөрдү:

- Полиция менен соттордун аракеттерин күчтөнтүү үчүн биз бир нече чара көрүү тууралуу чечим кабыл алдык, анткени азыр коомдук тартип орнотуу жана коопсуздукту калыбына келтирүү - биздин эң негизги максат, - деп билдирди президент жыйындан кийин.

Көчөгө чыккандар негизинен жаштар жана алар түнүчүн чиркөө менен мектептерге өрт коюп, көчөлөрдөгү машинелерди аңтарып, аларды дагы өрттөп салууда. Тартип бузуулар негизинен иммигранттар жашаган аймактарда болууда.

XS
SM
MD
LG