Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

ОРУСИЯДА БИРИНЧИ ЖОЛУ ЫРАСМИЙ ТҮРДӨ 7-НОЯБРЬ МАЙРАМДАЛГАН ЖОК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда бүгүн компартия октябрь революциасынын 88 жылдыгына арналган жүрүш уюштурду. Быйыл биринчи жолу ырасмий түрдө майрам күн эмес деп жарыялаганга карабай, коммунисттер 7 ноябрда Маскөөнүн көчөсүнө миңдеген жаатташтарын баштап чыгышкан. Ошол эле учурда, Кызыл аянтта бийлик уруксат берип уюшулган, 1941-жылкы парадка 64 жыл толушуна арналган ветерандар парады да болду. Ага төрт жүздөн ашуун ветерандар катышып алардын артынан Маскөөлүк жаштар коомдорунун бирикмелеринен эки жарым миңдей өспүрүмдөр жана Маскөөнүн аскерий комендатурасынын ардактуу кароолчуларынын ротасы кошо басышты. Трибунада беш миңдей коноктор парадды көрүп турушту. Алардын арасында ордо калаанын мэри Юрий Лужков да болду.

1917-жылдын октябрында большевиктер жасаган төңкөрүшкө быйыл 88 жыл толду. Ал күндү мурда бардык советтик республикалар – алардын бири Кыргызстанда да майрамдаш адат эле.

Быйыл ошол майрам Орусияда ырасмий түрдө мамлекеттик майрам күн эмес деп таанылды. Андай мыйзамды былтыр Мамдума бекитип, анын ордуна 4 ноябрды Эл биримдиги күнү деп табышкан. Бирок ар кайсы социалдык сурамжылоолор тактаган маалыматтарда, орусиялыктардын 42 пайызы дагы эле 7-ноябрды «маанилүү жана өзгөчө» күн деп аташкан.

Орусия коммунисттери адат майрамын көчөдө жүрүш жасоо менен ачууга уруксатты ала алышкан эмес. Ошого карабай бул күнү метронун «Маяковская» станциясынан ылдыйды карай Кызыл аянтка келип, гүл дестелер коюп, Маркстын эстелигинен алдында митинг өткөрүштү.

Ага дейре Кызыл аянтта 1945-жылкы парадга катышкандардын 400дөн ашууну салтанаттуу марш жасады. Алардын бири Владимир Федоричников – 1941-жылы Кызыл аянтта өткөн парадга катышып, а кийин 1945-жылкы 9-майда өткөн парадга да катышкан ветеран болуп чыкты. Аны менен биздин кабарчыга мындай деди:

- 1945 жылкы парад биз үчүн - келечектин күнү катары кабылданды эле. Азыр бул майрам кызыктуу, кандайдыр жайдары. Бирок ошондогу майрам киши сүрөттөп бере алгыс болгон.

Кошумчалай кете турган жери, 1955-жылы азыр параддан өтүшкөн ветерандар демилгеси астында 7 ноябрда 1941-жылкы парадды эскерип, ар жыл сайын Кызыл аянттан өтүп жүрүү адаты киргизилиптир.

Бийлик уруксат бербегенге карабай КПРФ жаатчылары октябрь төңкөрүшүн эски адатынча белгилеп атышат. Коммунисттердин көчөгө чыгуусу Санкт-Петербургда да болуп, ага миңге чукул, Томскиде - 800, Ыраакы Чыгышта жүздөй киши катышкан. Ал эми ордо калаада митингге катышкандар беш миңден ашат дешет. Алар мурунку күнү да чогулуп, Ленин мавзолейине гүл коюушкан. Ал жерде коммунисттер жетекчиси Геннадий Зюганов баарыдан мурда Лениндин сөөгүн жерге берүүгө каршы экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG