Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

СӨЗ ЭРКИНДИГИ: КИМ АНЫ КАНДАЙ ТҮШҮНӨТ?


Кыргызстандын маалымдоо каражаттары 7-ноябрда кесиптик майрамын белгилешти. Бул күнү өктөбүр социалисттик ыңкылабынын 88-жылдыгына арналган жыйын Лениндин эстелигинин алдында өттү. Жыйынга чогулгандар 24-марттагы элдик революцияны да эскере кетишти. Кош майрам, Кыргызстандагы коомдук-саясий окуялар мезгилдүү басылмаларда кандай чагылдырылды?

Улуттук басма сөз, маалымат күнүн утурлап президент менен премьер-министрдин катышуусунда салтанат кече өткөнүн 8-ноябрдагы «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Ушул эле маалымат шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгындагы Астра Садыбакасованын «2005-жылдын алтын дөөлөтү» деген макаласында да чагылдырылган.

Кыргызстандагы эки коммунисттик партиянын мүчөлөрү, аларга боор тарткандар 7-ноябрда Лениндин эстелигинин алдында чогулуп, жыйын өткөрүштү, деп жазат гезит кабарчысы А. Тузов. Бул ирет Кыргызстан коммунисттик партиясынын туусу менен чакырыгы тартылган 1955-жылкы «Москвич» автомашинасынан революциялык музыка жаңырып турду. Эски автомашинаны ээрчиген топ революциялык чакырыктарды айтып, Кыргызстандагы кыйла уюшкан солчул күчтөрдүн таасири дагыле күчтүү экенин айгинеледи, деп кабарлайт макала автору.

Бишкек шаарынын чегинен үй салууга жер берилбеси эчен ирет айтылганы менен, айрым шылуундар тууган-уруктарына жер бөлүштүрүүгө үлгүрүшкөнүн, жер чатак дагыле уланып жатканы ушул эле гезитте маалымдалган.

Интернюстун «Заар калем» көрсөтүүсүнө чыккан парламент спикери Өмүрбек Текебаев менен вице-премьер-министр Адахан Мадумаровдун алымсабагы 8-ноябрдагы «Агым» гезитинде жарыяланды. «Биз азыркы реалдуулук кандай болсо, ал жөнүндө болгон чындыкты айтышыбыз керек. Анан көкүрөктү койгулап «бизге көз каранды эместик бергиле» деген… Адамга канчалык көз карандысыздык берсек да, ал көзкаранды бойдон калат. Себеби, адам канчалык көзкарандысыз болууну кааласа, ошончолук өлчөмдө гана эркин боло алат», дейт А. Мадумаров.

Өмүрбек Текебаевдин ырасташынча, «мамлекеттик телекөрсөтүүдө белгилүү бир көрсөтүүлөрдүн формалдуу эмес спонсорлору бар экени, расмий жарыяланбаганы менен менчик студиялар да иштеп жатканы жашыруун эмес».

Өмүрбек Субаналиевдин Бишкек шаар ички иштер башкармалык жетекчисинен алынышына нааразы болгон таластык аксакалдар «Катанини которуп, криминалга жол ачып бердиңер» деген макаласында: «Бул эмне деген саясат? Качанга чейин иштеп аткан намыстуу, кесипкөй жигиттерибизге бут тособуз? Качанга чейин кадрлар талантына, ишке жөндөмдүүлүгүнө карап эмес, кайсыл жерде турганына, бийликтеги кайсыл бир жетекчиге жакындыгына карап бааланат?» - деп жазышат.

Жаза өтөө жайларындагы абал, кылмыштуу дүйнөнүн өзүнчө жашоо-турмушу, жетишпеген каржы, кылмыштуу топтордун ичара кагылышы тууралуу 9-ноябрдагы «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгында журналист Дмитрий Орлов ой жүгүрткөн. Криминал чөйрөнүн таанымал адамдарынын бири Азиз Батукаевдин жакындары коопсуздук кызматынын, Кыргызстан эл ассамблеясынын имаратынын алдында нааразылык билдирип турушканын шейшембидеги «Вечерний Бишкек», 9-ноябрдагы «Республика» гезиттери кабарлашты.

Басылманын ырасташынча, түрмөдөгүлөрдүн абалы кандай экенин биле албаган жакын адамдары эгер суроо-өтүнүчтөрү эске алынбаса эл аралык уюмдарга кайрылып, Кыргызстанда жаза өтөө жайларында адам укугу тебеленип жатканын билдиришке мажбур болорун эскертишүүдө.

Парламент Д. Үсөновду биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындоого макулдук бербей койгонун шаршембидеги «МСН» маалымдады. Ушул эле темага 8-ноябрдагы «Агым» гезити кайрылган.

9-ноябрдагы «Республика» гезитинде Алымбек Биялиновдун «Эмнеге күрөштүк эле?» деген макаласы жарыяланды. Көпчүлүк чоң үмүт арткан элдик ыңкылаптын деми сууп баратат. Өкмөттүн ачык экономикалык программасы жок, саясий оюндардын жакын арада бүтөр түрү көрүнбөйт. Цивилизациялуу, мыйзамды бекем сактаган өлкө куруу идеясы токтолбой жаткан башаламандыктардын айынан тилек-үмүт катары гана калууда. Өлкөнүн эртеңкиси бүдөмүк, деп бүтүм чыгарат автор.
XS
SM
MD
LG