Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

ОШ-НООКАТ ЖОЛУ БӨГӨЛДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 8-ноябрь күнү Карасуу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундары Ош-Ноокат жолун төрт сааттай бөгөп турушту. Мындай нааразылык чарасына барышкан төлөйкөндүктөр Папан айыл өкмөтүнүн тургундарына турак-жай куруу үчүн жер участокторунун берилишине каршы экендиктерин билдиришти. Ал эми Папан айылынан келгендер аталган жер алардын айыл өкмөтүнүн балансына таандык деп көшөрүштү.

Бүгүн чак түштө, саат он экилерден өткөндө Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн беш жүз чакты тургуну Ош-Ноокат жолун тосуп алышты. Натыйжада ары-бери өтө албай топтошуп калган автоунаалардын саны бир канча жүзгө жетип калды. Жол тосуучулардын ана башчыларынын бири Ибара Капашева Төлөйкөндүн аймагынан папандыктарга жер берилбесин деген талап менен мына ушундай чараларга барып жатышкандыгын билдирди:

- Азыр чечим болуп, жер бөлүп беребиз деген экен. Шашылып келип папандыктардан 700 адам бул жерде отурат, азыктарын көтөрүп келип алыптыр. Биздин ар бир үй-бүлөдө 2-3 балабыз бар. Мисалы, папандыктар Актилектен, Кирпичныйдан жер алды, сатып жиберишти. Эмне үчүн ошол жерге үйлөрүн салбайт алар.

Аталган айыл өкмөттүн дагы бир жашоочусу Гүлсүн Жапарова жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн туура эмес чечимдеринен улам эки айылдын эли тирешип калган кырдаал пайда болгондугун белгилеп өттү:

- Ушул жерде мушташып атышат. Эмне кереги бар элди мушташтырып. Туура чечишпейби, орто жолдон эл кыйналып атат, жолду да тосуп атат.

Ал эми турак-жай куруу үчүн жер алуу максатында Папан айыл өкмөтүнөн келген 350 адамдын башында турган айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдуман Сурайдаров талаш болуп жаткан 42 гектар жер Папанга таандык деген пикирин билдирди:

- Бул жер биздин фондунун жери болгон. Талапка ылайык, министрликтен 42 гектар жер бөлүштүрүп алганбыз. Папан айылы тоолуу айыл болгондуктан сел түшкөн жерлер көп болгон. Ошондуктан 210 үй башка жака көчүрүлсүн деген МЧСтин жыйынтыктоосу бар. Ошонун негизинде биз бийликке кайрылып, элдин суроо-талаптарын канаттандырыш максатында 42 гектар жерди бөлдүрүп келгенбиз. Жапалак айылынын эли ал жерди үлүш караты колдонуп жүрүшкөн.

Тирешип турушкан тараптар менен сүйлөшүү үчүн келген Ош облусунун губернаторунун орунбасары Болот Бүргөев өкмөттүк жер комиссиясы бул маселе боюнча бир бүтүмгө келмейин турак-жай куруу үчүн бул аймактан жер бөлүнбөй тургандыгын жарыялады:

- Бул маселени чечиш үчүн өкмөттөн комиссия түзүлгөн. Азыр комиссия иштеп атат, алар жыйынтыгын чыгаргыча бул жер бөлүнбөйт. Ошого карабай эл айтып атат, биздин айыл өкмөттүн башчысы Муратов Жаныбек кечинде Төлөйкөнгө бара бергиле, жер бөлөбүз деп үгүттөгөнүнөн келдик деп.

Кечки саат төрттөрдөн өтүп сүйлөшүүлөрдүн негизинде Ош-Ноокат автожолун бөгөп алышкан төлөйкөндүктөр жолду ачып беришти. Бирок учурда эки тарап тең таркабай, өкмөттүк комиссиянын чечимин күтүп жатышат. Тараптардын ортосундагы тартип маселеси милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Сүрөттө: Бөгөлгөн жол. Сүрөт автордуку

XS
SM
MD
LG