Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Баяман Эркинбаевдин жакындары мөөнөтсүз пикет башташты


ЖАЛАЛАБАТ. Баяман Эркинбаевдин жыйырмадан ашык туугандары облустук бийлик имаратынын алдында боз үйдө олтуруу менен депутатты атып өлтүргөндөрдү таап, жазага тартууну талап кылышууда. Алар бири-бирин жип менен байлап, жүзаарчы менен ооздорун бекитип, өкүлү аркылуу акциясы мөөнөтсүз болоорун жана талаптары аткарылбаса, өздөрүн өрттөшөөрүн билдиришти. Депутаттын жээни Мурат Жусупов өкмөттүк маалымат каражаттарын Баяман Эркинбаевдин айланасындагы окуяларды туура эмес чагылдырып жатат деп айыптады. Ал мамлекеттик сыналгы, басылмаларга ишенбестигин айтып, Бишкектен келүүчү көз каранды эмес сыналгыларга гана маалымат берээрин билдирди. Президент Курманбек Бакиевге жиберген кайрылууда алар акыйкаттыкты күтө берип тажашкандыгын жана Эркинбаев менен анын жээнин өлтүргөндөрдү табууну, Карасуу базары менен “Алай” мейманканасына чабуул жасаган адамдарды жоопко тартууну талап кылышты. Эч ким менен сүйлөшүүнү каалашпай, акциясын бензинсиз улантууну сунуш кылган бийлик өкүлдөрүнүн алдына күйүчү май чачышып, айрым аялдар дароо өзүн өрттөөрүн айтышты.

XS
SM
MD
LG