Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

ОРУСИЯ ФРАНЦИЯНЫН КАТАСЫН КАЙТАЛАБАШ ҮЧҮН МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАНТТАРГА ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ БЕРЕТ


Төрөкул Дооров, Москва 8-ноябрда Орусиядагы федералдык миграциялык кызматтын жетекчилиги Москвада маалымат жыйынын өткөрдү. Аталган кызматтын тышкы эмгек миграция департаментинин башчысы Вячеслав Поставниндин айтымында, жакында Орусиянын миграция саясатында чоң өзгөрүүлөр болушу күтүлүүдө. Тактап айтканда, постсоветтик мамлекеттерден келип, орус жергесинде мыйзамсыз иштеп жаткан 1 млн.го жакын мигранттын абалы мыйзамдаштырылат. Бул чара Франциядагыдай окуяларды болтурбоо максатында аткарылып жаткандыгы айтылды.

«Ушул күндөрү жалпы француз коому туш болгон проблема Орусияда кайталанышына негиз жок», - деп ишенет Вячеслав Поставнин. Федералдык миграциялык кызматтын өкүлүнүн айтымында, Францияда иммигранттардын нааразылыгын алар туш болгон оор жагдайлар жараткан. Андан сырткары, буга Ирактагы согуш да негизги себеп болду:

- Ирактагы согуш жана ислам дүйнөсү менен жаралган карама-каршылык Франциядагы тополоңдун жардыргычы болуп калды.

Анын оюнда, Орусияда бул өңдүү окуялар кайталанбайт. Анткени, Орусия дүйнөдөгү эң толеранттуу мамлекеттердин бири жана анын миграция жаатындагы саясаты башка мамлекеттерге үлгү боло алат.

«Орусиянын миграция саясатынын негизин мигрантка коомдо өз оордун таап, анда өнүгүп кетишине мүмкүнчүлүк берүү вазыйпасы түзөт», - дейт орусиялык чиновник.

Поставниндин айткандары мамлекеттеги миграция маселесине көптөн бери байкоо жүргүзүп келаткан бир катар серепчилердин пикирлерине карама-каршы келет. Анткени орус жергесиндеги баардык мигранттардын дээрлик 80пайызын постсоветтик мамлекеттерден келген мигранттар түзсө, алардын басымдуу бөлүгүнүн укуктук абалы начар. Аны жакшыртуу үчүн зарыл документтерди камдоого 8-9 айга жакын убакыт кетет. Анткени документтерди толгон токой башкармалыктардан жана ведомстволор аралык комиссиялардын текшерүүсүнөн өткөрүү зарыл.

«Андыктан, Федералдык миграциялык кызмат мыйзамсыз иштеп жаткан жумуш мигранттарынын, алардын ичинде өзгөчө КМШ мамлекеттеринен келгендердин, абалын жакшыртуу максатында жаңы шарттарды киргизүүнү пландаштырууда», - деди Поставнин мырза.

- Бул үчүн биз миграция маселелерин териштирип карай турган мыйзамдарды өзгөртүү зарылдыгын түшүнүп жатабыз. Тактап айтканда, өлкөгө жумуш издеп келген мигрант мурдагыдай жумуш менен камсыз кылуу органдарынан көзөмөлдөн өтпөйт. Ал эми жумушка орношууга уруксат берүү үчүн документтер 10 күндүн ичинде берилиши зарыл. Эң башкысы - мигрант буга чейин жалаң жашаган жеринде гана каттоодон өтүп келсе, эми ал каерде болсо, ошол жерде катталууга мүмкүндүк алат. Бул документтерди кыска мөөнөттө даярдаганга болот.

Саналып өткөн өзгөрүүлөр азырынча мыйзамда бекитиле элек болсо да, жумурияттын айрым региондорунда иштеп жатат.

Орус жергесиндеги мигранттарга бул өңдүү жеңилдиктерди берүү демилгеси, көрсө, кыргызстандык жумуш мигранттары тарабынан көтөрүлгөн экен.

- Кыргызстан менен биз тыгыз кызматташып турабыз. Баса, алгачкы жолу жаңы тартипти киргизүүнү биз Красноярск крайынан баштаганбыз жана анда кыргызстандык мигранттар демилге көтөрүп чыгышкан.

Вячеслав Поставнин айткан өзгөрүүлөр «Чет өлкөлүк атуулдардын Орусия аймагында жүрүшү жөнүндөгү» мыйзамга киргизилмекчи жана ушул жылдын этегинде же келерки жылдын башында Мамдумага кароого жиберилет.

XS
SM
MD
LG