Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:08

ЭЛЕКТР КУБАТЫН УУРДООДОН МАМЛЕКЕТ ЖЫЛЫНА 50 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЧЫГЫМ ТАРТАТ


Кыргызстандын электр энергия тармагындагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири –электр энергиясынын техникалык жана коммерциялык жактан жоготууларынын көптүгү. Расмий маалыматтарга ылайык, жыл сайын электр энергиясын уурдоодон мамлекет орточо эсеп менен 50 миллион доллардай зыян тартат. Мындай чоң чыгым электр энергиясынын баасынын арзандашына да тоскоол болгон себептердин бири.

Кыргызстан азыркы мезгилде электр кубатын чет мамлекеттерден Орусия менен Казакстанга сатып келатат. Энергетиктердин маалымдашынча, электр энергиясынын тарифтери Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эң төмөн. 2001-жылдан тартып электр кубатына баа өзгөрбөй келе жатат. Учурда электр энергиясынын тарифи 150кВТ саатка чейин 43 тыйын, андан ашканы 80 тыйынды түзөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев азыркыдай ар түрдүү тариф менен эмес, орточо бир баа менен белгиленсе туура болот деген пикирде:

- Биз азыр электр энергиясына болгон тарифтерди бирдиктүү кылуу маселесин көтөрүп жатабыз. Мисалы, 1кВт саатка 48 тыйын, 80 тыйын дебей, орточо 60 тыйын деп белгилесек, коомчулуктун айрым катмарларына бир топ жеңилдик бермек.

Тайырбек Сарпашевдин айтымында, жакынкы жылдарда электр энергиясынын баасы кымбатташы күтүлбөйт:

- Учурда электр энергиясынын тарифтерин жогорулатууга эч кандай экономикалык да, саясий да негиз жок. Ошондуктан жакынкы жылдары электр кубатына болгон баа жогорулабайт.

Электр энергиясынын баштапкы баасы төмөн, бирок жөнөкөй кардарларга ал жогорку тариф менен бир нече эселеп, кымбаттатылып сатылып жатат деген нааразы пикирлер коомчулукта көп айтылып келет.

Монополияга каршы саясат боюнча улуттук агенттиктин укуктук жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Айгүл Султанкулова ГЭСтер жайгашкан Токтогул аймагынан башка жактарга ташуунун чыгымын акташ үчүн акыркы баа баштапкы баадан жогору болуп жаткандыгын айтты:

- Кыргызстанда 4 ири электр компаниялары бар - «Түндүк электро», «Ош электро», «Жалалабат электро» жана «Чыгыш электро». Бул компаниялар электр энергиясын Токтогул ГЭСинен баштапкы баа менен сатып алат. Ал эми ар кайсы региондорго элетр энергиясын ташыш үчүн көп каражат талап кылынат. Ошондуктан кардарларга анын тарифтери бир аз жогору. Бизде тарифтер регионалдык эмес. Жалпы улуттук тарифтер. Бардык компаниялардын электрге болгон тарифтери бирдей.

Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, жыл сайын орточо эсеп менен электр энергиясын уурдап жагуудан улам мамлекет 50 миллион долларга же болбосо 2 миллиард сомго чыгым болот.

Бишкек шаардык финансы полициясынын регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2003-жылы электр энергиясын уурдоолорго байланышкан 69 кылмыш иши ачылып, 14 миллиондон ашуун акча ичип-желгени аныкталган. Бишкек шаардык финансы полициясынын регионалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурзат Шаршеналиевдин маалымдашынча:

- Үстүбүздөгү жылы 9 ай ичинде электр энергиясын уурдоо боюнча 2 кылмыш иши козголду. Ушундай мыйзам бузууларды биз негизинен рейддердин жүрүшүндө аныктайбыз. Мына ушул эки иш боюнча тергөө иштеринин негизинде 115 миң сом кымтылганы белгилүү болду.

Мына ушундай чыгымдар өлкөнүн экономикасына чоң залал тийгизип жатат, деп сөздү улады депутат Тайырбек Сарпашев:

- Электр кубатынын уурдалышынан улам ушунча каражат кымтылып алынып жатканы, албетте экономиканын өсүшүнө терс таасир тийгизет. Пенсиянын, эмгек маянанын өз убагында берилбей калышы, салык төлөмдөрүнүн түшүшүнүн төмөн болушу дал ушул себептерден болуп жатат.

XS
SM
MD
LG