Соттук териштирүү бул ирет айыпталынып жаткандарды сот залындагы темир тосмо артына отургузуу менен башталды. Бирок да айыпталынып жаткан Рысбек Акматбаевдин, ошондой эле жабырлануучу тараптын эки өкүлүнүн келбей калгандыгына байланыштуу сот жараяны 14-ноябрга жылдырылды. Рысбек Акматбаевдин сотко эмне үчүн келбей калганын адвокаты Рысбек Нагаев мындай себеп менен түшүндүрдү:
- Айтпадымбы бул жерде, эми ооруп атат да, адам болсо ооруйт да. Азыр жапырт сасык тумоо болуп атпайбы, эки-үч күн болуп калды.
Иштин чоо-жайын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен айыпталынып жаткан Эркин Мамбеталиевдин адвокаты Сергей Манукянга кайрылдык:
- Азыр мен силерге маанилүү бир нерсе айталбайм. Себеп дегенде, өкүм чыккандан кийин гана кишини айыптоого же актоого болот. Тергөө учурунда коюлган айыптар алдын-ала иликтөө маалындагы шек-шыбаа. Башкача айтканда, прокурор менен тергөөчүнүн жыйынтыгы гана. Негизги иш сот жараянында жүрөт, чогулган далилдердин тактыгы ырасталат. Анын негизинде гана акыркы өкүм - актоо же айыптоо чыгарылат.
Сергей Манукян сотто айыптардын баары Рысбек Акматбаевге каршы коюлгандыгын ырастады:
- Бирдей эпизоддор айыпталып жаткан 8 адамга коюлууда. Алардын ичинен бирөөнө гана башка айып коюлган. Мен анын аты-жөнүн эстей албай жатам. 9 адамдын сегизине төрт эпизод боюнча айып коюлууда. Маалымдоо каражаттарында айтылгандай 10 эпизод эмес, 4 гана эпизод. Үчөө - киши өлтүрүү, бири – кол салуу.
Парламент депутаты Тынычбек Акматбаевдин жанындагы адамдары менен түрмөдө өлтүрүлүшүнө нааразы болуп чыккандардын жыйынында Рысбек Акматбаев Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевди атып өлтүрүүнү уюштурган адам катары мурдагы Ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун атын атаган.
- Р. Акматбаевди да азыр мына ушул атып өлтүрүүнү уюштурган деп айыпташууда. Бирок да адвокат катары жекече көз карашым боюнча, аны мен объективдүү деп айталбайм, коюлган айыптардын далилдениши өтө кыйын, соттон анын өтүшү кыйын деп ойлойм. Далилдөө - кыйын иш.
Мыйзам талабына ылайык, сот жараяны эки айдын ичинде аягына чыгышы керек. 9 адамга коюлган айыптарды далилдөө, айыпталынып жаткандар менен жабырланган тараптын өкүлдөрүнүн узакка созулчу соттук териштирүүгө такай катышып туруусу да ушу тапта чоң суроонун алдында турат.
Алайдан келген Зафар Кайназарова Рысбек Акматбаев соттон акталышы керек, анын орду парламентте деген пикирде:
- Эртеби-кечпи Кыргызстанды оңдогонго Рысбек Акматбаевдей балдар керек деп эсептейм. Эми Кудай кааласа иш жакшы болуп чыгып калса бул баланы депутаттыкка көтөрөлү деп мен демилге көтөрүп жатам.
Сергей Манукян соттолунуп аткандарга коюлган айыптар далилденип калса аларга эң оор жаза чектелинерин маалым кылды. Сот дүйшөмбүдө уланат.