Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

ФРАНЦИЯ: СОЦИАЛДЫК ТЕҢСИЗДИКТИ ЖОЙУУНУ МЕКТЕПТЕН БАШТОО КЕРЕК

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Француз өкмөтү өлкөдө чукул кырдаал эрежесин киргизүүгө уруксаат бергени менен, баш аламандыктар уланууда. Өткөн түнү да өспүрүмдөр менен жаштар жүздөгөн автомашинелерге өрт койушту. Лион шаарында болсо белгисиз бирөөлөр метронун станциясына күйүүчү заты бар бөтөлкө ыргытып, бийликтер метрону жабууга мажбур болушту. Бирок өрттөлгөн машинелердин саны өткөн түнү мурдагыдан кыйла азыраак болуп, айрым жерлерде баш аламандыктар пастаганы байкалды.

1955-жылы Франциянын мурдагы колониясы Алжирде Улуттук боштондук согушу башталганда кабыл алынган чукул кырдаал мыйзамына ылайык, коменданттык саат эрежесин киргизүүгө уруксат берилет. Жарандарга кечки тогуздан таңкы жетиге чейин үйдөн чыгууга тыйуу салынат. Эрежени бузган адамдар эки ай түрмөгө камалат, же 3 миң евро өлчөмүндөгү акчалай айыпка тартылат.

Коменданттык саат эрежеси киргизилген шаар-кыштактарда полиция үйлөрдү тинтип, оюн-зооктор өткөрүлүүчү коомдук жайларды, кино жана театрларды текшерип, же жаап салууга укуктуу. Полиция ошондой эле маалымат каражаттарында цензура киргизе алат.

Өткөн түнү коменданттык саат Париждин чет жакаларындагы райондордо, баш калаадан түндүгүрөөк турган Амиенс деген шаарда жана башка чөлкөмдөрдө киргизилди жана мындай катаң чара өз натыйжасын бере баштаган шекилдүү. Амиенс шаарынын жооптуу өкмөт өкүлү Марсель Аутьер буларды билдирди:

- Кайрадан тынчтык орной баштаганы өткөн түнү эле байкалды. Азырынча анын себебин түшүндүрүүгө эртелик кылат, бирок менин пикиримде тынчтыкты калыбына келтирүүгө чукул кырдаал менен коменданттык саат эрежелеринин киргизилиши өбөлгө түздү.

Бирок коменданттык саат киргизилбеген шаарларда өрт өчүргүчтөр менен полиция түнү бою тикесинен тик турушту. Өткөн түнү өлкө боюнча 600дөн ашык автомашинага ошондой эле чоң дүкөндөргө, мектептер менен бала бакчаларга өрт койулду.

Франциянын 250дөн ашык шаар-кыштагын каптаган тополоң-тоздун түпкү себеби –иммигранттардан чыккан жаштар арасындагы жумушсуздук. Өлкөдө жашап жаткан миллиондогон чет элдиктердин кыйласы, Францияда туулуп өскөнү менен француз коомуна интеграцияланбаган абалда кала берүүдө. Өлкөдө ондогон жылдардан бери жашап келаткан адамдардын арасында француз тилин билбегендер арбын. Францияда туулуп өскөн жаштардын көбү өзүлөрүн чет элдиктер катары сезишет. Расалык дискриминациянын айынан кесиптик билими менен квалификациясы бар чет элдик жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе.

Балдардын арасында мектеп программасын ийгере албай же окугусу келбей кесиптик орто билим алууга мүмкүндүк берген баскычка жетпей чыгып кеткендер көп. Мындай балдар кесиптик окуу жайларга алынбайт, ошентип алар үчүн кесипке окуп, үйрөнүү жана жумуш иштөөгө жол жабылат. Ошону үчүн SOS Racism деген уюмдун президенти Доминик Сопо жалаң эле чукул кырдаал киргизүү менен азыркы абал жөнгө салынбай турганын айтты:

- Ал үчүн жүйөөлүү сунуштар жасалышы керек. Чет жакаларда жайгашкан мектепке өкмөт көбүрөөк инвестиция жасоого милдеттүү. Анткени, мектеп бул алга жылыштын мүмкүндүгү, ал социалдык кырдаалды оңдоого үйрөтүп, элдерге чогуу бир жерде жашоого дем берет. Мектеп бул республикалык моделдин фундаменталдык бөлүгү, тилекке каршы ага мындай райондордо көңүл бурулбай келатат. Дагы бир нерсе - дискриминацияга каршы таасирдүү чара көрүү керек. Бул райондордо дискриминациянын айынан жумушсуздук күч болуп турганы жана дискриминациядан иммигранттар менен алардын балдары жабыркап жатканы жалпыга белгилүү.

Ушундай эле пикирин Франциянын премьер-министри Доминик де Виллепин шейшемби күнү билдирди. Татаал райондорду Франциянын башка жерлериндегидей дэңгээлге жеткирүү жалпы эле коомчулуктун милдети, деп билдирди өкмөт башчы. Бирок Сопонун айтымында, бул жана башка проблемаларды чечүү үчүн эң ириде өкмөт менен коомчулуктун өз ара диалогу керек. Диалог иммигранттарды коомдун толук укуктуу мүчөлөрү кылуу максатын көздөөгө тийиш, деди Сопо.
XS
SM
MD
LG