БИШКЕК. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жетектеген кыргызстандык делегация 10-ноябрда Москвага жумушчу иш сапары менен барат. Сапар учурунда кыргыз министри Орусиянын тышкы иштер министри Сегей Лавров менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чындоо жана аймактагы коопсуздукту сактоо маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле жыйындын соңунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы 2006-жылдагы эки тараптуу кызматташтык боюнча келишимге кол коюлат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.