Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Пакистанга гуманитардык жардам жөнөтүлөт


БИШКЕК. 10-ноябрда өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлиги тарабынан Пакистан Ислам Республикасында болгон жер титирөөдөн жабыр таткандар үчүн гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Бул тууралуу 9-ноябрда аталган министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Абибилла Пазылов маалымдады. Жалпысынан 1 млн. сомдук жылуу кийим, азык-түлүк, дары-дармектен турган бул гуманитардык жүк Бишкек-Исламабад рейсин аткарган учак менен жеткирилет. Гуманитардык жүктү жөнөтүү үчүн бейшембиде эртең менен «Манас» аба майданына кыргыз өкмөтүнүн, тышкы иштер министрлигинин, Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү келишет. Кыргызстандан Пакистанга экинчи гуманитардык жардам бир аптадан кийин жөнөтүлүшү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG