БИШКЕК. Бишкек ТЕЦинин кышка даярдыгы жакшы. Ишкананын ремонт иштери бүтүү алдында турат. Мындан сырткары учурда ТЕЦке Башкырстандан бир жарым миң тонна мазут алынып келинди. Баш аягы беш миң тонна мазутка келишим түзүлгөн. Жылына ТЕЦке жети миң тонна мазут талап кылынат. Калган мазут Казакстандан алынып келинет, деп маалымдады ТЕЦтин маалымат кызматынан. Бүгүнкү күнгө чейин аталган ишканага 280 миң тонна көмүр алынып келинди. Калган көмүр эки тараптуу келишимдин негизинде Казакстандан ташылууда.