Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргыз өкмөтү макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуусу зарыл


БИШКЕК. Эл аралык валюта кору менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү кыргыз өкмөтү тарабынан өзүнө алынган макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча милдеттенмелердин аткарылышына байланыштуу болот. Мындай пикирин Эл аралык валюта корунун Кыргызстанга келген миссиясынын жетекчиси Пауло Нойхаус 9-ноябрда премьер-министр Феликс Кулов менен болгон жолугушуусунда билдирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга чоң көңүл бурулушу керек. Ушул жылдын март айынан тарта Кыргызстанда Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн кедейчиликти кыскартуу жана экономикалык өсүүгө көмөктөшүү боюнча үч жылдык программа ишке ашырыла баштады. Анда кыргыз өкмөтү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, инфляциянын деңгээли, ички дүң продуктунун көрсөткүчү, тышкы карыздарды төлөө жана башкалар боюнча белгилүү милдеттенмелерди алган. Алардын аткарылышы Эл аралык валюта корунун Кыргызстандын бюджетин толуктоого болгон жардамдарын шарттамакчы.

XS
SM
MD
LG