Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:53

Президент өлкөдө стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча чара көрүү милдетин койду


БИШКЕК. Өлкөдө стабилдүүлүктү жана тартиптин сакталышын камсыз кылуу үчүн тиешелүү иш-чаралар иштелип чыгышы керек. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев 9-ноябрда өкмөт үйүндө күч структураларынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында атайын тапшырма берди. Өлкө башчысы ошондой эле бардык тартип коргоо жана куралдуу күчтөр бөлүктөрүндө тартиптин сакталышын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Анын пикиринде, күч структураларында иштегендердин, ошондой эле жалпы жаштардын арасында, мектеп менен жогорку окуу жайларында патриоттулук тарбия иштерин да күчөтүү зарыл. Бакиев белгилегендей, тартип коргоо органдарына бөлүнгөн каражаттарды үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу зарыл жана мындан ары бул тармакка талап кылынган каражаттар мамлекет тарабынан бөлүнүп турушу керек.

XS
SM
MD
LG