Ооганстанда сентябрь айында болгон парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгаруу дагы токтотулду. Бул Кандагар аймагында арыздарды текшерүү уланып жаткандыгына байланыштуу жасалды. Маалыматка караганда, текшерүүлөр жакында соңуна чыгат жана Ооганстандын бардык 33 аймагынан шайланган депутаттар алгачкы сессиясына декабрь айында чогулмакчы. Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоо комиссияларынын 50 мүчөсү кызматтан бошотулуп, 3% бюллетендер жараксыз деп табылган.