Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Жапон парламентинин өкүлдөрү Кыргызстанда болушту


БИШКЕК. Кыргыз телерадио корпорациясын модернизациялоо жаатында жапон өкмөтү Кыргызстанга 7 миллион доллар каражат бөлүүнү болжоп жатат. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушуу учурунда Жапон парламентинин өкүлү Есиаки Харада билдирди. Анын айтымында, Жапон өкмөтү Кыргызстандын Париж клубуна 270 миллион доллар карызын жеңилдетүү жаатында кол кабыш кылууну көздөп жатат. Эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулоо максатын көздөгөн жапон делегациясы эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга 9-ноябрда келген. Бул аралыкта алар президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, премьер-министр Феликс Кулов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

XS
SM
MD
LG