Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча парламентик комиссия ишин жыйынтыктоо алдында


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссия иликтөө ишин жума күнү жыйынтыктайт. Бул тууралуу 8-ноябрда комиссия төрагасы, депутат Алишер Сабиров билдирген. Ал эми комиссия мүчөлөрү, депутаттар Кубанычбек Исабеков менен Султан Урманаевдин билдиргендерине караганда, комиссия депутаттын өлүмүнө байланыштуу ар тараптуу иликтөөлөрдү калыс жүргүзүү аракетин жасады. Депутат Тынычбек Акматбаев №31 колонияда 20-октябрда атып өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу депутаттар парламенттик иликтөө комиссиясын түзүп, анын ишин жыйынтыктоо мөөнөтүн 25-ноябрга белгилеген. Комиссия төрагасы Алишер Сабиров комиссия ишин аяктап калгандыгына байланыштуу комиссиянын тыянагын угууну эртелетүүнү апта башында парламенттен сураган.

XS
SM
MD
LG