Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Текебаев Эл аралык валюта корунун иш аракеттерин сынга алды


БИШКЕК. 10-ноябрда парламенттин төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстан Эл аралык валюта кору менен кызматташуу мезгилинен бери натыйжалуу жыйынтык чыкпаганын айтып, катуу сынга алды. Ал мындай пикирин Эл аралык валюта корунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча депертаменттин жаңы өкүлү Пауло Ньюхаус, аталган депертаменттин мурдакы өкүлү Таапио Савалайнен, Эл ралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Майкл Меред менен болгон жолугушууда билдирди.

Төраганын айтымында, кыргыз өкмөтү кезектеги кредит алуу максатында эл аралык финансы уюмдарынын койгон бардык талаптарын аткарып келген. Төрага жолугушууда жаңы өкмөттүн экономикалык программамсы жок, мурдакы өкмөттүн катасын кайталап келүүдө. Эл аралык валюта кору менен кыргыз өкмөтү экономикалык өнүгүү, жакырлыкты жойуу боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү атаганы менен экономикалык өнүгүү сезилбегенин, жакырчылык кыскарбаганын айткан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG