Эстониянын тышкы иштер министри Урмас Паэтке Орусияга кирүүгө виза берүүдөн баш тартылды. Эстон министри Европа Биримдиги менен Орусиянын чек аралык кызматташуу боюнча Санкт-Петербург шаарында боло турган тегерек стол жыйынына катышууну көздөгөн эле. Орусиянын тышкы иштер министрилиги Урмас Паэт документтерди кеч бергендигине байланыштуу виза ачылбай калганын билдирүүдө. Эстониянын регионалдык иштер боюнча министри Яан Оунапу болсо визаны ийгиликтүү ачып, Петербург жыйынына катышууга мүмкүнчүлүк алган.