Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Сирия президенти БУУ менен кызматташууга даярдыгын билдирди


Сириянын президенти Башар Ассад Ливандын мурунку премьер-министри Рафик Хариринин өлүмүн иликтеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен кызматташууга Дамасктын даярдыгын билдирди. Өлкөнүн телекөрсөтүүсү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө президент Башар Ассад БУУнун иликтөөчүсү Детлев Мехлис Сирияга келип, шектүү алты адамды суракка алуу сунушун четке какканын ачыктады. Хариринин өлүмүн иликтеп жаткан Детлев Мехлис шектүүлөрдү Ливандын аймагында суракка алууну каалап жатат.

XS
SM
MD
LG